Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Премьер-министр «Эл журту» ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту


БИШКЕК. 2002-жылы Кыргызстанда мурдагы жылга салыштырмалуу турак үйлөр 9%ке көп курулду. Курулушка өткөн жылы өкмөт 1 млрд. 251 млн. сом бөлдү. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Николай Танаев мигранттардын, үй куруучулардын жана агрардык реформа борборунун жаңы түзүлүп жаткан «Эл журту» аттуу федерациясынын өкүлдөрү менен болгон жолугушуу учурунда кабарлады. Федерациянын өкүлдөрү премьер-министрге жаңы конуштарда турак-жай курулуштарын ипотекалык жол менен кредиттөө, мигранттарды жер участоктору менен камсыздоо, чала бүткөн менчик үйлөрдү аталган уюмдун карамагына өткөрүп берүү өңдүү маселелерди чечүүдө өкмөттүн колдоо көрсөтүшүн суранышты. Премьер-министр өз кезегинде кыргыз өкмөтү бул уюмдун демилгелерин мыйзам чегинде карап көрөөрүн билдирди. Жолугушууга регионалдык башкаруу министри Төлөбек Өмүралиев менен Бишкек шаарынын мэри Медетбек Керимкулов да катышышты.
«Эл журту» федерациясынын уюштуруу курултайы 11-январда болуп, ага 22 бейөкмөт уюм, 8 фермердик чарба мүчө экендиги жарыяланган. Бирок курултайда үй куруучулардан турган бейөкмөт уюмдардын экинчи бир тобу бул уюмду түзүүчүлөрдү мыйзамсыз аракеттери үчүн айыптап чыккан.

XS
SM
MD
LG