БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун көмөгү менен 10-11-апрелде Чолпоната шаарында жыйын өткөргөн Словакия, Литва, Грузия, Польша, Азербайжан жана башка мамлекеттердин Омбудсмандары бүгүн Бишкекте маалымат жыйынынын өткөрүштү. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бул жыйында Акыйкатчынын ишин жүргүзүү, уюштуруу боюнча кеңири пикир жана тажрыйба алмашуу болду. Анда ошондой эле Омбудсмандардын регионалдык ассоциациясын түзүү жана эмки жыйынды сентябрь айында Азербайжанда өткөрүү, кызматкерлер менен алмашып туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.