Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:06

Эл аралык уюм «хизбуттахрирчилердин» кыйналышын жактабайт


БИШКЕК. Ирактагы согушка каршы баракчаларды тараткандыгы үчүн Кыргызстанда акыркы мезгилде «Хизбут-Тахрир» жашыруун партиясынын 13 мүчөсү кармалып, алардан 200 баракча тартылып алынды. Кармалгандардын ичинен 10 адамга Кылмыш кодексинин 229-беренесине ылайык улуттар жана диндер ортосунда чагымчылык кылды деген айып коюлууда. Бул тууралуу Кыйноолорго Каршы Эл аралык Уюмдун (OMCT) маалыматына шилтеме берип, «Центразия» электрондук маалымат каражаты ишембиде жазып чыкты. Кыргызстандагы адам укугун коргоо комитетинин маалыматына таянган эл аралык уюм камакта жаткан Улукбек Кочкаровдун, Анваржон Иминжоновдун жана башка ысымы белгисиз «хизбуттахрирчилердин» өз жакындары менен байланышууга тыюу салынышына, камалган жеринин жашырылышына кабатырлануу билдирип, алардын кыйноого кабылуу коркунучу бар экенин белгилеген. Ошондой эле эл аралык уюм Кыргызстандын жетекчилигин камакта жаткан «хизбуттахрирчилердин» дарегин ачыктоого, туугандары, адвокаттары, юристтер менен жолугушууга мүмкүндүк берүүгө, «Хизбут-Тахрир» уюмун куугунтуктоону токтотууга жана ишеним эркиндигин кепилдөөгө чакырган. Өз билдирүүсүндө уюм ошондой эле Ирак согушу башталгандан бери Кыргызстанда диний демилгечилерди куугунтуктоо күч алгандыгы тууралуу маалымат бар экенин белгилеген.
Карасуу районунун камакка алынган тургуну Улукбек Кочкаровдун жакын туугандары жана үй-бүлөсү 3-апрелде райондук ички иштер кызматынын имаратынын алдына нааразылык акциясына чыгышкан.

XS
SM
MD
LG