Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:31

Колин Пауэл: "Ирак эли өз жетекчилерин өздөрү тандашат"


АКШнын Мамлекеттик Катчысы "Кошмо Штаттары Иракты жетектөөгө эч кимди дайындабайт" деп ырастады. "АКШ Ирактын кийинки президентин бийликке алып келүү менен алектенбейт", - деди ал.
Келерки шейшембиде АКШнын Ирак боюнча атайын элчиси Залмай Халилзад Ирактын Насирия шаарында оппозиция лидерлери менен жолугушууда. Расмий булактарга ылайык, бул жолугушуу америкалык убактылуу администрациядан бийликти өткөрүп ала турган өкмөттү куроо багытындагы алгачкы кадам болуп калууга тийиш.
Пауэл: "Америка баштаган күчтөр акыры Иракта массалык кыргын куралын табат".
Колин Пауэл мындан тышкары "коалициялык күчтөр Иракта массалык кыргын салуучу курал табат" деген ишенимин билдирди. ББСге берген интервьюсунда катчы мындай деди:
"Акыры массалык кыргын куралын табабыз. Соңку үч жумада согуштан колубуз бошогон жок, салгылаш мезгили өткөндөн кийин, биз массалык кыргын куралдарына көңүлүбүздү бурабыз жана мен мындай курал табылат деп ойлойм".

XS
SM
MD
LG