Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:10

Франциянын «Рейд голуас» компаниясы Нарын облусунун жетекчилиги менен дүйнөлүк экстремалдык жарыш өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


НАРЫН. Компаниянын Нарын облусу боюнча жооптуу өкүлү Жерарде Гиалер мырзанын айтканына караганда, «Рейд голуас» дүйнөлүк экстремалдуу жүрүшүнүн Нарын облусундагы бөлүгү 10-июндан 18-июнга чейин өткөрүлөт. Облус жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөргө ылайык атчандар Соңкөлдү тегеренип жарышка түшөт. Бул үчүн Нарын облусунан 180 ат ижарага алынат. Мындан тышкары облустун аймагында велосипед жарышы, жөө жарыштар, тоого чыгуу жана рафтинг, башкача айтканда Нарын дайрасында кайыктар менен экстремалдуу жарышуу өткөрүлөт.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG