Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:37

Жалалабаддан Орусия, Казакстан мамлекеттерине миграция агымы күчөөдө

ЖАЛАЛАБАД. Бүгүн миграция боюнча облустук бөлүмдөн алынган маалымат боюнча, соңку 2 айдын ичинде Жалалабад, Ташкөмүр, Сузак, Базаркоргон жана Ноокен райондорунун 250дөн ашык тургуну Орусияга барып иштөөнү каалагандыгын билдиришти. Алар Москва, Новосибирск, Томск, Красноярск, Екатеринбург шаарларынын курулуш жана соода-сатык тармактарында мурда барып жайланышкан тууган, тааныштарынын жардамы менен жумушка жайгашууну көздөшөт. Бул адамдар миграция бөлүмүнөн Орусиянын мыйзамдары менен таанышкан соң, топ же бригада болуп кетишээрин маалымдашты.
​
XS
SM
MD
LG