Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:46

Башкы прокуратура «Химсинтез» ишин жабуудан баш тартты


БИШКЕК. Феликс Куловго байланыштуу «Химсинтез» ишин жабуу тууралуу адвокат Любовь Иванованын өтүнүч катын Башкы прокуратура канааттандырган жок. Бул тууралуу бүгүн Любовь Иванова маалымдады. Анын айтымында, «бул иште кылмыш белгиси жок жана ал буга чейин Конституциялык Соттун чечиминде, Башкы прокуратуранын документтеринде аныкталган. Бирок саясий максатта бул иш уламдан-улам козголуп, аягына чыгарылбай кармалып турат».
«Химсинтез» иши алгач ирет 1995-жылы козголуп, бирок Конституциялык Соттун чечими менен жабылып, Кулов Улуттук коопсуздук кызматынын министрлигине дайындалган. Бирок Кулов оппозицияга кетээри менен бул иш кайра козголгон. 2001-жылдын август айында Улуттук коопсуздук кызматы тергөө ишин аяктаган. Бирок ар кандай себептер менен быйыл март айында тергөө иши кайра башталып, учурда кайрадан токтотулуп турат.

XS
SM
MD
LG