Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Орусиянын Ярославль облусунун губернатору А. Лисицын Ошто иш сапары менен болду


ОШ. Иш сапарынын учурунда түзүлгөн келишимге ылайык Ярославль облусу Ош облусунан жөнөтүлгөн 400 адамды курулуш иштеринде жумуш менен камсыздоого милдеттенди. Бүгүнкү күндө ал жакта Оштон барган 57 адам эмгектенүүдө. Анатолий Лисицын Ярославль облусунун жардамы менен учурда насос чыгарып жаткан Ош насос заводунун продукциясын да көрүп чыкты. Бүгүнкү күнгө завод 800 даана насос чыгарууга үлгүргөн. А. Лисицын Ярославлдагы «Балкан жылдызы» тамеки заводун чийкизат менен камсыздоочулардын бири болгон Карасуу районунун Жаңыарык айылындагы Ош «Дюбек» тамеки ферментациялоочу заводунун иш ыргагы менен да таанышып, алар тарабынан камсыздалчу чийкизаттын көлөмүн көбөйтүү жагын сунуштады.

XS
SM
MD
LG