БИШКЕК. «Моя столица» гезитине каршы сот тарабынан коюлган айыптардын көлөмү 2 млн. сомдон ашты. 18-апрелде болсо «Мерлисайд» фирмасынын арызынын негизинде Бишкек шаардык соту тарабынан гезитке салынган 500 миң сом айыпты ыктыярдуу түрдө төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. «Андан кийин сот аткаруучулар келип гезиттин мүлкүн толук камакка алышы күтүлөт. Анткени анча акчаны төлөөгө бизде чама жок», - деп билдирди бүгүн «Моя столица» гезитинин башкы редактору Александр Ким. Башкы редактордун айтымында, 17-апрелде Бишкек шаардык соту гезиттин Ленин райондук сотунун чечимине каршы берген апелляциялык арызын карай баштайт. Премьер-министр Николай Танаевдин доо арызынын негизинде Ленин райондук соту «Моя столица» гезитине 500 миң сом айып салган.