Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Кыргызстанга ЕККУнун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары келди


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанга Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун улуттук азчылыктар боюнча жогорку комиссары Рольф Экеус келди. Ал ушул эле күнү тышкы иштер министри Аскар Айтматов, Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, биринчи вице-премьер-министр Курманбек Осмонов менен жолугушту. Анын А.Эркебаев менен жолугушуусунда Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын саясий-коомдук турмушка катышуусу, улуттук азчылыктар жөнүндөгү атайын мыйзамдын кабыл алынышы жана демократиялык реформалардын жүрүшү жөнүндө сөз болду. Эртең ЕККУнун комиссары Ошто өтүүчү «Интеграциянын негизин түзүү: тил жана билим берүү көп улуттуу Кыргызстанда» деген темадагы «тегерек стол» жыйынына катышат. Иш сапарынын соңунда ал Бишкекке келип, президент Аскар Акаев, Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу менен жолугушмакчы. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG