Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук кызматынын жетекчисинин маалымдашынча, АКШ баштаган Ирак согушу Түндүк Кореяны өзөктүк кризис боюнча турумун жумшартууга мажбурлады.
Ра Жоң-йылдын билдиришинче, Түндүк Кореянын учурдагы позициясы бир канча чабалдап калды. Мурдатан Пхеньян Вашингтон менен эки тараптуу түз сүйлөшүүнү талап кылып келген, бирок ишембиде АКШ менен ар кандай формадагы сүйлөшүүгө даяр экенин шардана кылды.
Орусиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн Кошмо Штаттарын Түндүк Корея менен түз сүйлөшүүдөн баш тартышын сынга алып, "АКШ түз катышпаган диалогго Орусия кошулбашы мүмкүн" деди.