Бүгүн АКШнын жөө аскерлери Тикрит шаарына кирип келишти. Аларга дээрлик каршылык көрсөтүлгөн жок. АКШ армиясынын маалымат катчысы генерал Винсент Брукс аскерлер Тикриттеги президенттик сарайды өз колуна алып, ирак аскерлеринин калдыктарын издөөгө киришкенин билдирди. Ройтерстин кабарчысы Тикритте аскерлер тикучмадан чоң автомат менен шаарды аткылап жатышканын маалымдады.
Баш калаа Багдадда бүгүн жүздөгөн жергиликтүү полиция кызматкерлери жумуш ордуна кайта баштаганы кабарланууда. АКШ аскерлери Ирактын баш калаасын өткөн аптада каратып алгандан бери Багдадда талап-тоноочулук күч алды. Ал эми Ирактын экинчи ири шаары болгон Басрада жергиликтүү полициячылар британ аскерлери менен бирге тартипти калыбына келтирүүгө киришишти.