Жогорудагыдай чечим 2002-жылдын соңунда, ЕККУ уюмунун кызматкерлери Беларустан кетүүгө мажбур болгондон кийин кабыл алынган. Ал эми жыл башынан бери ЕККУнун өкүлчүлүгү Минск шаарында кайрадан ачылды. Эми президент А.Лукашенко жана анын өкмөт мүчөлөрү АКШ менен Европа биримдигинин 14 өлкөсүнөн виза ала алат. Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлеринин Люксембургдагы жыйынында Беларустагы адам укугун бузуулар жөнүндө да сөз болду.