Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

ЮНЕСКОнун адистери Багдадга барат


Алар аскерий операциялар учурунда Ирактын Улуттук музейине келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктамакчы. Маалыматтарга караганда, Саддам Хусейндин режимин бийликтен кулатуу учурунда музейден 170 миңдей экспонат уурдалып кеткен же талкаланган. ЮНЕСКО уюму Ирактын маданий байлыктарын коргоо үчүн атайын полиция түзүү зарыл деп эсептейт жана эл аралык коомчулукту Ирактан уурдалган экспонаттардын соодаланышына жол бербөгө чакырды. Кошмо Штаттардын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин айтымында, Вашингтон Ирактын маданий мурастарын коргоодо "жетектөөчү роль" ойнойт.

XS
SM
MD
LG