Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

АКШ Сирияга дипломатиялык жана экономикалык санкцияларга кабылышы ыктымал экенин кайрадан эскертти


Мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин айтымында, кокус Сирия кызматташтыктан баш тартса, АКШ жогорудагыдай чараларга барышы мүмкүн. Вашингтон Сирия менен катар чөлкөмдүн башка өлкөлөрү да Жакынкы Чыгышта "жаңы кырдаал түзүлгөнүн түшүнөт" деген ишенимде:

- Биз чөлкөмдө жаңы кырдаалга ээ болдук жана биз чөлкөмдүн баардык өлкөлөрү мурдагы тажрыйбалары менен аракеттерин кайра карап көрөт деген ишенимдебиз.

АКШ Сирияны химиялык куралдарга ээлик кылганы жана Ирактын саясий, аскерий жетекчилерине башпаанек берип жатканы үчүн айыптоодо. Кошмо штаттардын коргоо министри Дональд Рамсфелддин дүйшөмбүдө билдиргенине караганда, Сирия акыркы 12 - 15 айдын аралыгында химиялык куралын сынаган. Дамаск Вашингтондун айыптоолорун четке кагып жатат. Британ премьери Тони Блэрдин айтымында, Сириянын президенти Башар Асад анын өлкөсүнө өтүүгө аракеттенген ирактыктардын баары чек арадан токтотулаарын убада кылды. Европа Биримдиги жана Орусия АКШны Сириягы кысым көргөзбөөгө үндөп, Вашингтондун мындай аракети чөлкөмдөгү кырдаалды курчутаарын эскертти.

XS
SM
MD
LG