Нидерландиялык оңчул саясатчы Тим Фортайнды өлтүргөн адам 18 жылга эркинен ажыратылды.
Өлкөдө өлүм жазасына тыйуу салынгандыктан, прокурор 33 жаштагы Волькерт ван дер Граафты өмүр бою эркинен ажыратууну сураган эле. Волькерт ван дер Грааф сот учурунда Фортайнды премьер-министр болтурбоо үчүн өлтүргөнүн мойнуна алды.
Айыпкердин айтышынча, ал Фортайн бийликке келсе, чет элдиктерге каршы саясат жүргүзөт деп, мындай опурталдуу адамга барган.
Премьер-министр шайланат деп күтүлүп жаткан Фортайн былтыр май айында өлтүрүлгөн.
Бул Нидерландияда акыркы 300 жылдан узак мезгил ичиндеги биринчи саясый киши өлтүрүү болгон.