Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:07

Ооганстанга каршылаш тараптын “көзүн тазалоо” уланууда


Таасирлүү Ооган аскер башчысы, өзбек генералы Абдурашид Достумдун командирлеринин бири Шахи буктурмага кабылып өлдү.
Достумдун орун басары, генерал Мажид Рузинин Ройтерс жаңылыктар агенттигине айтышынча чабуулдан Шахинин эки күзөтчүсү да мерт болгон.
Буктурманы ким уюштурганы жөнүндө маалымат жок.
Ооганстандын түндүгүндө генерал Достум башындагы жамаат менен Устат Атта Мохаммад жетектеген “Жамияти-Ислам” тобу узактан бери араздашып жүрөт жана тараптар тез-тез салгылашып турат.
Достум жана Атта экөө тең Карзай башындагы өкмөттүн мүчөлөрү.

XS
SM
MD
LG