Европа Биримдиги Түркияны биримдикке өтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн өлкөдөгү саясый реформаларды тездетүүгө чакырды.
Биримдиктин кеңейүү иштери боюнча комиссары Гюнтер Ферхойген Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл менен Люксембургда болгон кездешүүдөн кийин мындай деп билдирди:
- Мен айта кетейин, Түркиянын өкмөтү үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Евробиримдиктин саясый талабын аткаруу үчүн бар аракетин жасоосу керек экенин министр Гүлгө дагы кайталап айттым. Бул бизге келерки жылдын аягына чейин Анкара талапка ылайык аткарган иштерди баалоого мүмкүндүк берет.
Ферхойгендин сөзүнчө, ал Түркиянын өз мыйзамдарын Евробиримдиктин талабына ылайыктоо боюнча алган милдеттенмесин аткарат деп ишенет.