Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Коррупцияга каршы күрөшүү максатында Жалалабад облусунун тартип коргоо органдары атайын топ түзүштү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук прокуратуранын алдында түзүлгөн топтун курамында облустагы улуттук коопсуздук, ички иштер, бажы, салык, монополияга каршы күрөшүү башкармалыктары бар. Атайын топтун милдетине, экономикалык кылмыштуулук менен коррупциядан тышкары, чет элдик кредит, ссудаларды, гранттарды кайтаруу жагы да кирет. Топ ай сайын облакимиятта өтүүчү координациялык кеңешке кылган иши тууралуу маалымат берип турат. Жыл башынан бери облустун укук коргоо уюмдары бул багытта 33 кылмыш ишин козгошкон. Ал кылмыш иштеринен мамлекет 2 млн. 233 миң сомдук материалдык зыян тарткан, алардын 1 млн. сомго жакыны мамлекеттин пайдасына өндүрүлгөн.

Кабарлар топтомун Бишкектен даярдагандар – Бүбүкан Досалиева жана Айданбек Акмат уулу

Редактор – Жыргалбек Касаболотов

XS
SM
MD
LG