БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алды. Ал президенттин Ош шаарына «Кыргызстандын түштүк борбору» деген статус берген, 2001-жылдагы жардыгын аткарыш үчүн жана Конституциянын жаңы редакциясына ылайык «Эл үчүн» депутаттык тобу, өкмөт жана төрт депутат тарабынан даярдалган. Отурумда айтылган маалыматка караганда, мыйзам күчүнө кирсе Ош шаарынын казынасына түшкөн каражаттын 40% өз бюджетинде калат жана шаар мэри түздөн-түз өкмөткө гана баш ийет. Мыйзам кабыл алуунун негизги максаты - түштүк борбордун каражат жагынан көз карандысыздыгын камсыз кылып, инфраструктурасын жакшыртуу. Анткени, жарым миллион калкы бар Ош шаарынын 40% таза суу менен камсыздалган эмес жана 50% канализациядан кур жалак.