Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

Кыргызстандыктардын Косоводогу эмгеги жогору бааланды


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Косоводо тынчтыкты камсыз кылуу күчтөрүнүн катарында кызмат кылып жаткан 4 кыргызстандык БУУнун «Тынчтык үчүн кызматына» медалы менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн Косоводо кызмат кылып, учурда эс алууга мекенине келген милициянын полковниги Азамат Кутманалиев «Кабар» агенттигинде маалымдады. Анын айтымында, 4 кыргызстандык тең Косоводо жетекчилик кызматта иштеп жатышат жана алардын кызматы жогору бааланып, келишимин дагы бир жылга узартуу тууралуу сунуштар түштү. Кыргызстандын тартип коргоо органдарынын өкүлдөрү 1999-жылдар бери Бириккен Улуттар Уюмунун тынчтыкты камсыз кылуу миссиясынын алкагында 54 мамлекеттин катарында Косоводо кызмат кылууда. Акыркы төрт өкүл былтыр август айында катаал конкурстан өтүп, Бириккен Улуттар Уюмунун миссиясынын алкагында кызмат кылуу укугуна ээ болгон.

XS
SM
MD
LG