Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:45

Торугарт-Бишкек жолунда кар көчкү жүрүп, жол каттамы токтоп калды


НАРЫН. Бүгүн Торугарт-Бишкек жолунунун 65-чакырымында кар көчкү жүрүп, жол каттамы токтоп калды. Кар көчкүнүн кесепеттерин жоюш үчүн Нарын облусунда атайын штаб түзүлүп, эл аралык маанидеги жолду тазалоо иштери башталды. Штабдын башчысы облус губернаторунун биринчи орун басары Жыргалбек Азыловдун айтымында, кар көчкүнүн бийиктиги 30 метрдей , туурасы 50 метр, узундугу 150 метр келет. «Биз облустугы болгон күчтөрдү жолду ачууга жумшап атабыз. Кудай буюрса, бүгүн кечке чейин бир машине өткүдөй жол ачканга аракет кылабыз», - деди Ж. Азылов. Ушундай эле абал 10 күндөн бери Торугарт ашуусунда да сакталууда.

XS
SM
MD
LG