Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Ишкер К. Тезекбаев Кыргызстандын конституциялык аталышы үчүн күрөшүн улантат


БИШКЕК. «Дело №» гезити «Кыргызстан» жана «кыргыз» деген сөздөрдү Конституцияда жазылгандай жазышын талап кылган ишкер Кубанычбек Тезекбаев Бишкек шаардык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылат. Ал бүгүн бул тууралуу «Азаттык» радиосуна кабарлады. Анын айтымында, Бишкек шаардык соту Биринчи Май райондук сотунун «гезит «кыргыз» жана «Кыргызстан» деген сөздөрдү Конституцияда жазылгандай жазсын» деген чечимин жокко чыгаруу менен лингвистиканын мыйзамын Кыргызстандын Конституциясынан жогору койгон. «Андан тышкары, «сот процесси кыргыз тилинде өтсүн» деген өтүнүчүмдү орундатпай менин жарандык укугумду басмырлады», - дейт ал. Ушундан улам К. Тезекбаев Жогорку Сотко кайрылууга мажбур экендигин, эгер ал да доо арызын канааттандырбаса Конституциялык Сотко кайрылаарын билдирди.
Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин төрагасы Кубанычбек Тезекбаев «Дело №» гезити жогоруда аталган сөздөрдү туура жазышын талап кылган арызын райондук сотко былтыр декабрь айында берген. Редакция болсо доо арызды канааттандырган райондук соттун чечимине каршы апелляциялык арызды шаардык сотко январь айында жолдогон.

XS
SM
MD
LG