БИШКЕК. Эртең Бишкекте Майлысуудагы уу калдыктарына байланыштуу окумуштуулардын жана эксперттердин эл аралык жолугушуусу өз ишин баштайт. Жыйынга премьер-министр Николай Танаев катышып, экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатывалды Чырмашев кырдаал боюнча сөз сүйлөйт. Бул жыйын кыргыз өкмөтүнүн, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун жана Борбордук Азия регионалдык экологиялык борборунун демилгеси менен өтмөкчү. Ага АКШнын, Германиянын, Өзбекстандын, Казакстандын окмуштуулары, Дүйнөлүк Банктын эксперттери катышат. Бүрсүгүнү жыйындын катышуучулары Майлысууда болушуп, кырдаал менен таанышкандан кийин 18-апрелде Бишкекте кайрадан чогулуп, проблеманы чечүүнүн жолун такташат. Майлысууда 1946-жылдан 1967-жылга чейин уран казылып алынып, андан 23 жерде уу калдыгы, 13 жерде тоо-кен таштандысы калган. Мунун баары региондогу экологияга олуттуу коркунуч келтирүүдө.