БИШКЕК. Борбордук Азия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин Омбудсмандарынын регионалдык ассоциациясы түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу менен Польшанын Омбудсманынын орун басары Ежи Щвенткевич кабарлашты. Алардан алынган маалыматка караганда, мындай идея 10 өлкөнүн Омбудсмандарынын катышуусу менен 11-12-апрелде Чолпоната шаарында өткөн «тегерек стол» жыйынынында айтылды. Акыркы чечим Борбордук Азия жана Чыгыш Европа мамлекеттеринин Омбудсмандарынын быйыл ноябрь айында Азербайжандын Баку шаарында боло турган жолугушуусунда кабыл алынат. Ал эми Польша Омбудсманынын орун басары Ежи Щвенткевич Кыргызстандын Акыйкатчысынын кызматчыларына укук бузуулар боюнча арыздарды кабыл алуу, иликтөө боюнча эки жумалык машыгуу сабактарын өткөрүп, Акыйкатчы институтунун жалпы стратегиясын иштеп чыгууга жана аны калыптандырууга көмөктөшүп жаткандыгы кабарланды.