Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Бишкекте алданган адамдар көчөгө чыгышты


БИШКЕК. Февраль айында Юстиция министрлигинде каттоодон өткөн «Уорлд Энтерпрайз» фирмасына алданган Бишкек шаарынын жүздөгөн тургундары бүгүн Ахунбаев, Киев көчөлөрүн тосушту. Алар фирмага берген акчасын кайрып берүүнү, алдамчыларды таап, жазалоону талап кылышты.
«Уорлд Энтерпрайз» фирмасы жумушсуздарга шуру тизүү ишин тапшырган. Шуру алыш үчүн адамдар 300 сомун фирмага калтырып, шурунун ар бир тизмеги үчүн 20 сомго жакын акы алышкан. Жумушсуздар иш менен камсыз болуп калыш үчүн фирмага он миңдеген сом таштап, беш-он сом турган шуруларды алып кете башташкан. Ал эми жетиштүү акча топтогон фирма кечээ кечинде шаардагы 4 офисин жаап, жок болуп кеткен. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жолдошбек Бузурманкуловдун бүгүнкү маалыматына караганда, «Уорлд Энтерпрайз» фирмасынын башкы бухгалтери кармалды. «Көз боемочулук, алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Бирок фирманын президенти Низам Абдуллаевдин кайда экени белгисиз. Укук коргоочу Турсунбек Акундун маалыматы боюнча, алданган адамдардын саны 4 миңге чукул жана алар эртең да нааразылык акцияларын улантышмакчы.

XS
SM
MD
LG