Эки өлкөнүн ортосундагы Коопсуздук кызматташтыгы боюнча биргелешкен кеңештин Вашингтондогу жыйынынан соң таратылган билдирүүдө айтылгандай, АКШ Өзбекстан менен аскерий алакаларын кеңейтүүгө дилгер экенин дагы бир иреэт ырастады. Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстандагы демократиялык реформалар менен адам укуктарынын абалы жөнүндө да сөз болгон. Билдирүүдө белгиленгендей, АКШ өзбек өкмөтүнүн саясий реформалар жана граждандык коомду түзүү жаатындагы аракеттерин жогору баалайт жана жардам көргөзмөкчү. Өзбекстан адам укугун коргоочу эл аралык уюмдар тарабынан такай сынга алынып жүрөт.