Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Ирак согушундагы жеңиш айныксыз, бирок толук эмес


Бул тууралуу АКШнын президенти Жорж Буш билдирди. Ж.Буш шейшембиде Ак үйдө сүйлөгөн учурунда белгилегендей, Иракта коркунучтуу топтор азыр деле бар:
- Биздин Ирактагы жеңишибиз айныксыз,бирок толук эмес.Диктатордун борборлоштурулган бийлигинин күнү бүттү, анткен менен Иракта коркунучтуу элементтер азыр да бар. Биздин коалициянын күчтөрү ал душмандар менен багынып бермейинче же жок кылынмайынча алектенет.
Америкалык командачылыктын билдиргенине караганда,шейшембиде Иракта олуттуу кагылышуулар болгон жок. Айрым кабарларга караганда, түндүктөгү Мосул шаарындагы атышуулардан жергиликтүү жөн-жай адамдардын бир нечеси каза тапкан. Окуянын чоо-жайы толук белгисиз. Кечээ Ирактын он алты миң аскерине командачылык кылган генерал Мохаммед Жарави америкалык тарапка багынып берди.Мунун аралыгында, Ирактын саясий жана диний ишмерлери өлкөнүн келечегин талкуулаган алгачкы жыйынынын соңунда таратылган билдирүүдө Ирактын жаңы лидери сырттан таңууланбашын,демократиялык негизде федералдык өкмөт түзүлүшүн, Саддам Хусейндин "Баас" партиясы таратылыш керектигин белгилешти.

XS
SM
MD
LG