Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:24

Атбашы дарыясынын жээгинде жайгашкан үйлөрдү сел капташы ыктымал


НАРЫН. Бүгүн Атбашы районунан алынган маалымат боюнча, мөңгүлөрдүн тездик менен эриши жана 14-15-апрелде жааган кар аралаш жаандан Атбашы дарыясындагы суунун деңгээли кескин көтөрүлүп, жээкке жакын жайгашкан 234 үйдү суу каптап кетүү коркунучун пайда кылды. Жалпысынан 800гө жакын үй сел алуу коркунучунда турат. Атбашы районунда Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү болушуп, суунун жээктерин бекемдөө иштерине 2,5 миллион сом бөлүнгөнүн, Нарын курулуш мекемеси бул иштерди аткарууга киришкенин билдиришти.

XS
SM
MD
LG