Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

Акыйкатчыга каршы берилген доо арызды райондук сот канааттандырган жок


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жолборс Жоробековдун Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулуна каршы берген доо арызын Бишкектин Биринчи Май райондук соту канааттандырган жок. Соттун кечээки чечиминде «Акыйкатчы жөнүндөгү» мыйзамга ылайык Турсунбай Бакир уулун сот жоопкерчилигине тартуу мүмкүн эместиги айтылган. Ж. Жоробековдун айтымында, Турсунбай Бакир уулу былтыр «Лимон» гезитине жарыяланган интервьюсунда анын арнамысына доо кетирген маалыматтарды тараткан. «Андан моралдык зыян тарткандыгым үчүн Акыйкатчыдан менин пайдама 1 млн. сом өндүрүп, анын кечирим сурашын камсыз кылууну өтүнгөн элем», - деди Жоробеков. Ал ошондой эле: «Президентти, премьер-министрди сот жоопкерчилигине тартууга болот, эмне үчүн Акыйкатчыны анткенге болбойт?» - деп, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылаарын белгиледи.

XS
SM
MD
LG