Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасы боюнча комиссия ишке киришти


БИШКЕК. Бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек ара тилкесин тактоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын кезектеги отуруму башталды. Ага Кыргызстандан өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов баштаган делегациясы кетти. С.Аламановдун кечээки маалыматына караганда, комиссия бул жолу «чек ара тилкесин кайсы укуктук негизде жана кайсы жылдагы картанын негизинде такташ керек» деген маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Анткени, Кыргызстан чек араны 1957-жылы чийилген картанын негизинде, Тажикстан 1927-жылкы картанын негизинде тактоону көздөп атканы тууралуу маалымат бар. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинин узундугу миң чакырымга жакын. Анда эки тараптын талашын жаратчу канча жер бар экени азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG