Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:30

Бишкекте Майлысуу маселеси карала баштады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Майлысуудагы уулуу заттардын калдыктарын коопсуздандыруу маселесине арналган жыйын башталды. Ага АКШнын, Орусиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын окумуштуулары катышууда. Жыйындын ачылышына премьер-министр Николай Танаев катышты. Анда сөз сүйлөгөн экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Сатывалды Чырмашев уу калдыктарынын коркунучун жоюунун техникалык-экономикалык негиздемесин Орусиянын Атомдук энергия министрлиги 165 миң долларга иштеп чыкканын билдирди. Ал эми Дүйнөлүк Банктын эксперттери Майлысуудагы 23 уран калдыктарын, 13 тоо-кен таштандылары сакталган жерлерди коопсуздандырыш үчүн 25 млн. долларга чейин каражат керектигин айтышты. Сатывалды Чырмашевдин айтымында, өкмөт бул маселеге байланыштуу атайын программа иштеп чыккан, ага АКШ эмки жылы 5 млн. доллар бөлөөрү күтүлөт. Кажысайдагы уу калдыктарын коопсуздандырууга буга чейин АКШ 320 миң доллар бөлгөн. Майлысуу маселесине арналган жыйын бүрсүгүнү аяктайт.

XS
SM
MD
LG