Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Ырасмий Бээжин өнөгөсүз өпкө оорусу жуккан кеселдерди жашыруудабы?


Кытай бийликтери Бээжиндеги аскерий ооруканадагы өнөгөсүз өпкө илдети же “САРС” жукту деп шектелип жаткан кеселдер жөнүндөгү маалыматтарды Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адис изилдөөчүлөрүнө берүүдөн баш тартууда.
Изилдөөчүлөрдүн айтышынча, алар Бээжиндеги аскерий ооруканада болгон кезде, мурда белгисиз илдетке чалдыккан кеселдерди көрүшкөн.
Ырасмий Бээжин өнөгөсүз өпкө оорусуна байланыштуу болгон бардык маалыматтарды ачыкка чыгарганбыз деп актанууда.
Коркунучтуу дарттан Кытайда 65 адам, анын ичинде Бээжинде 40 адам көз жумган.
Гонконгдун саламаттыкты сактоо кызматынын маалымдашынча, шаарда жаңы илдеттен каза болгон адамдардын саны 62ге жетти.
Өнөгөсүз өпкө илдети дүйнө өлкөлөрүндө 150дөн көп адамдын өмүрүн алды.


Кечки жаңылыктар топтомун даярдаган - Амирбек Азам уулу, Прага

XS
SM
MD
LG