Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:17

Перс булуңундагы өлкөлөр Сирияны калкага алды


АКШнын Перс булуңундагы ынтымакташ мамлекеттери Сирия химиялык куралдарды өнүктүрүүдө жана Ирак режиминин жетекчилерине баш паана берди деген Вашингтондун айыптоосун колдобой четке кагышты.
Мындай билдирүү алты мамлекет мүчө болгон Кызматташуу кеңешинин өткөн түнү Эр-Риядда бүткөн сүйлөшүүсүнөн кийин жасалды.
Перс булуңундагы өлкөлөрдүн Кызматташуу кеңеши ошондой эле АКШ менен Британияны ырасмий Дамаск менен сүйлөшүүгө барууга чакырды.
Сирия Вашингтондун айыптоосун коркутуу жана Израилдин пайдасына багытталган жалаа иретинде баалаган.
Кечээ күнү АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Сирия менен Ирандын саясаты Вашингтонду тынчсыздандырат, бирок аларга же башка өлкөлөргө кол салуу планы жок деп билдирген.

XS
SM
MD
LG