Кошмо Штаттары, Түндүк Корея жана Кытай келерки жумада Бээжинде Түндүк Корея өзөктүк кризисин жөндөө боюнча үч жактуу сүйлөшүүлөрдү баштайт.
Бул Түндүк Корея кризиси октябрь айында башталгандан берки Вашингтон-Пхеньян ортосундагы бийик деңгээлдеги биринчи сүйлөшүү болот.
Жапон өкмөтүнүн мартабалуу өкүлү, кабинеттин башкы катчысы Йасуо Фукуда сүйлөшүү Түндүк Кореянын талаштуу өзөктүк программасына байланышкан чатакты тынчтык жолу менен жөндөөдөгү биринчи кадам болорун билдирди.
- Бир катар өлкөлөр ортосунда өткөн бир нече сүйлөшүүдөн кийин, Кошмо Штаттары, Түндүк Корея жана Кытай арасында болчу көп тараптуу сүйлөшүү - бул биринчи кадам. Жапониянын өкмөтү Түндүк Корея калабасын тынчтык жолу менен жөндөөгө багытталган туңгуч кадамды колдойт.
Пхеньян алгач Вашингтон менен түзмө-түз сүйлөшөм деп, өткөн жумага чейин көп жактуу сүйлөшүүгө көнбөй жаткан.