Италия өкмөтү палестиналык партизандардын башчысы Абу Аббасты өткөрүп алууну болжоп жатат. Бул жөнүндө Италиянын юстиция министри Роберто Кастелли маалымдады:
- Азыркы жагдай өтө татаал. Себеби, Абу Аббас, силерге белгилүү болгондой, Ирактын аймагында тутул жана АКШ бийликтеринин колунда кармалууда. Маселенин техникалык жактары такталгандан кийин, мүмкүнчүлүк болсо, биз аны бизге өткөрүп берүүнү сурап АКШ өкмөтүнө кайрылабыз.
АКШлык күчтөр Аббасты дүйшөмбү күнү Багдаддагы рейд маалында колго түшүрүшкөн.
Палестина эркиндик фронтунун Аббас баштаган жоочулары 1985-жылы Италияга караштуу “Аккиле Лауро” деңиз кемесин барымтага алып, америкалык жаранды өлтүргөн.
Ал үчүн Италия соту Аббасты сыртынан өмүр бою түрмөгө кескен.
Палестина өкмөтүнүн мүчөсү Сайеб Эрекат Аббасты кармоо Жакынкы Чыгыш тынчтык келишимине каршы келет деп, аны койо берүүнү талап кылды.