Эл аралык саламаттык сактоо уюму 16-апрелде жасаган билдирүүгө караганда, өпкөнүн өзгөчө сезгенишине алып келген вирус аныкталды жана эми ага каршы дары изделип жатат. Мындан бир нече апта мурда Түштүк-Чыгыш Азияда башталган жаңы оорудан 150дөн ашык адам курман болду жана ал азыр дүйнөдө үч жарым миң адамга жуккан. Бээжин шаарында 40 жана Гоңконгдо 62 адам каза тапты.
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага
Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Нарын АЙЫП, Прага