Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Афина шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу өтүп жатат


Грекиянын борбору Афина шаарында 16-апрелде Европа Биримдигинин бийик жолугушуусу башталып, анда жаңы өлкөлөрдүн Биримдикке кошулуусу тууралуу декларацияга кол коюлду. Декларацияда Европада көптөгөн жылдарга уланган бөлүнүү доору аяктады деп айтылат жана документке уюмга азыр мүчө 15 жана ага кошулуп жаткан 10 мамлекеттин жетекчилери кол койду. Биримдикке Кипр, Латвия, Литва, Мажарстан, Мальта, Польша, Словакия, Словения, Чехия жана Эстония кошулууда, алардын ар биринде бул маселе боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлүүгө тийиш. Мажарстан, Мальта жана Словения андай референдумдарды өткөрдү.

XS
SM
MD
LG