Орус президенти Владимир Путин 16-апрелде эл аралык конфликттерди, экономикалык кризистерди жөнгө салып, эл аралык терроризм жана экстремизм маселелерин чечүү иштеринде негизги мааниге Бириккен Улуттар Уюму ээ болууга тийиш деп билдирди. Путиндин айтымында, адамзат алдындагы оор маселелерди эл аралык коомчулук биргелешип гана чече алат, ошондуктан согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүү иштерин дагы Бириккен Улуттар жетектөөгө тийиш. Америка Кошмо Штаттарынын Маскөөдөгү элчиси Александар Вершбоу болсо 16-апрелде Ирактагы кайра куруу иштерине Орусиянын катышышына АКШ каршы эмес деп билдирди. Путин менен амеркиалык президент Жорж Буш май айынын аягында Санкт-Петербург шаарында жолугат.