Беларус президенти Александр Лукашенка 16-апрелде Америка Кошмо Штаттарын Ирак согушу үчүн катуу сынга алып, бул согуш - дүйнөдө жаңы тартип орнотууга багытталган деп билдирди. Анын айтымында, АКШ эл аралык мыйзамдарды бузду жана эми күчтүү дөөлөттөрдүн баскынчылыгынан майда өлкөлөрдү эл аралык уюмдар сактай албайт. Бирок, Лукашенканын айтымында, Беларус андан коркпойт жана өзүн өзү коргой алат.