Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:19

Ирак согушуна АКШ 20 миллиард доллар коротту


Америка Кошмо Штаттарынын коргоо министрлигинин айтымында, азыркы күнгө карата Ирак согушуна 20 миллиард доллар короду. Пентагондун инспектору Дов Захейм кечээ күнү кечинде Вашингтондо атайын билдирүү жасап, согуш аракеттерине 10 миллиард жана техникага үч миллиард доллар короп, аскерлерге жети миллиард доллар төлөнгөнү тууралуу билдирди. Анын айтымында, Ирактагы америкалык аскерлерди кармап туруу үчүн 30-сентябрга чейин ар бир ай сайын дагы эки милларддан доллар сарпталат. Президент Жорж Буш 16-апрелде Ирак согушуна 80 миллиард доллар коротууга уруксат берген буйрукка кол койду.

XS
SM
MD
LG