Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:17

Президент Буштун айтымында, Ирак согушу чоң ийгилик болду


АКШ президенти Жорж Буш 16-апрелде кечинде Миссури штатында чыгып сүйлөп, Ирактагы согушта ийгилик жетишилди деп билдирди, бирок согуш качан аяктаары тууралуу айткан жок: "Америкалык жана коалициялык күчтөргө Иракта дагы эле коркунуч бар. Бирин-серин жерлерде аларга жана бейтарап адамдарга каршы душман дагы эле чабуул жасашы мүмкүн. Бирок биз абалды көзөмөлдө кармап турабыз жана биз өз милдетибизди аткарып, толук жеңишке жетмейинче аракеттерибизди улантабыз". Америкалык аскерлердин башчысы генерал Томми Фрэнкс 16-апрелде биринчи жолу Багдад шаарына келди. Борбор калааны америкалык аскерлер 9-апрелде алган.

XS
SM
MD
LG