Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Мыйзам чыгаруу жыйыны эки мыйзам долбооруна каршы болду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бүгүнкү отурумунда кыргыз өкмөтү сунуштаган «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамды кабыл алган жок. Финансы министрлигинин алдындагы Башкы казыналыктын директору Медер Темирбековдун билдиргенине караганда, долбоор казына системасына юридикалык көз карандысыздыкты берүү жана бюджетти аткарууда аны жергиликтүү бийликтин кысымынан оолак тутуу максатын көздөгөн. Долбоорго ылайык казыналыктын регионалдык бөлүм башчылары мамлекеттик бийликтин уруксатысыз дайындалмак. Мыйзамды талкуулоодо депутаттардын бир тобу башкарууну борбордон окчундатуу саясатына мындай мыйзам кайчы келээрин айтышты.
Ушул эле отурумда палата депутат Бакыт Керимбековдун «Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорун да колдогон жок. Долбоордо «палата мөөнөтү бүтөөргө бир жыл же андан азыраак калган шартта бошогон депутаттык орунга шайлоо өткөрбөш керек» деген маанидеги сунуш айтылган. Б.Керимбековдун айтымында, бир депутаттын кайра шайланышы үчүн 1,5 миллион сом сарпталат.

XS
SM
MD
LG