Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:06

Москвада кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны башталды


БИШКЕК. Бүгүн Москвада соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиясынын алтынчы жыйыны башталды. Анда кыргыз тараптын делегациясын премьер-министр Николай Танаев, орус тараптыкын – Орусиянын атомдук энергетика министри Александр Румянцев жетектөөдө. Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жыйындын күн тартибинде суу-энергетика, миграция жаатында, соода-экономикалык, илимий-техникалык багытта кызматташуу жана Кыргызстандын Орусияга болгон карызын айрым ишканалардын акциялары менен төлөө маселелери бар. Кыргызстандын Орусияга карызы 170 млн. доллардын тегерегинде.

XS
SM
MD
LG