Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде, эгер дагы жайылып кетүүсү алдын алынбаса, адамдын дем алуу органдарын жабырлантуучу жаңы вирус дүйнө калкы үчүн эң коркунучтуу кеселдердин бирине айланышы мүмкүн. Кырдаал вирус алгач катталган Кытайда бөтөнчө кооптуу. Кытай өкмөтүнүн башчысы Вэн Цзябао өлкө олуттуу эпидемиялык жагдайга кептелгенин ушул аптада моюнга алды. Расмий Пекиндин соңку билдирүүлөрү анын мурдагы ырастоолоруна каршы келет. Кытай бийликтери жаңы дартын бар экенин жашырганы, ага башынан тарта эле олуттуу маани бербегени, вирусту жуктуруп алгандардын санын азыр да азайтып айтып жатканы үчүн күнөлөнүүдө. Алтурсун Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму илдетке чалдыккандардын бир тобу өзгөчө тартипте иштеген аскерий ооруканалага жайгаштырылган болушу мүмкүн деп шек санап жатат.
Аталган уюмдун өкүлү Дик Томсондун көз карашында, Кытай эл аралык саламаттыкты сактоо жамааты тарабынан жасалган кысымдын натыйжасынан улам гана проблема бар экенин таанууга аргасыз болду. Расмий статистика боюнча Кытайда "САРС" вирусун жуктуруп алган 1432 адам катталды, 65 адам андан көз жумду. Ал эми дүйнөдө бул жаңы илдетке кабылгандардын саны 3300гө жетип калды, 153 киши каза болду.
Ошентип, адегенде өткөн жылдын ноябрь айында Кытайдын Гуандонг провинциясында пайда болгон вирусту акыркы алты аптада эле дүйнөнүн 20дай өлкөсүнүн жарандары жуктуруп алган. Кытай бийликтери "САРС" вирусу бар экенин ал алгач катталгандан үч айдан соң,февралда гана билдишкен. Эл аралык мамилелер боюнча Лондондогу падышалык институттун Азия программасынын башчысы Стефин Грин кытай бийликтеринин "САРС" ты жашырышын совет өкмөтү Чернобыль атомдук электростанциясындагы жарылууну жашырганына салыштыруу менен бирге мунун бир себебин эпидемия чыккан учур Кытайдын Коммунисттик партиясынын ноябрь айындагы курултайына туш келгенине байланыштырат:
- Демек муну жашырып турууга жүйө болгон.Бирок, мен түшүнгөндөй башка себептердин бири - Кытайдын бюрократиялык системасында жатат. Эпидемия тууралуу фактыны ачыкка чыгаруу мамлекеттин коопсуздугу жөнүндөгү мыйзамдарга ылайык татаалдаштырылган.Бул сиз кандайдыр бир эпидемия бар экенин ачыктоонун алдында жогору жактын уруксат алышыңыз керек дегенди туюндурат.
Бир катар эл аралык илимий лабороториялардын соңку жарыяларына караганда, өнөгөсүз өпкө оорусун козгоочу вирустун чоо жайы аныкталды. Ал кадимки суук тийүүнү алып келген вируска окшош. Анткен менен азырынча "САРС" дартынын дабасы табыла элек. Дүйнөнүн саламаттыкты сактоо жамааты вирустун аныкталышы эми илдетти дарылоонун жолдорун табууга жардам береби деген ишенимде турат. АКШнын саламаттыкты сактоо министри Томми Томпсондун бейшембидеги билдирүүсүнө караганда, "САРС" илдети бар же жок экенин аныктоочу анализ үчүн талап кылынган дары алдыдагы он чакты күндүн аралыгында сатыкка түшөт. Азыр ал дары акыркы сыноодон өтүүдө.
"Far Eastern Economic Review" журналынын жазганына караганда, "САРС" дарты Азия өлкөлөрүнө азыркыга чейин эле 11 миллиард доллар чыгым алып келди. Маселен, илдеттен эң көп жабыр тарткан Кытайдын жоготуусу 2,2, Гонконгдуку 1,7 миллиард долларды түзөт. Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн АСЕАН уюмуна мүчө мамлекеттер өнөгөсүз өпкө оорусуна каршы кантип күрөшүүнүн жолдорун талкуулоо үчүн 29-апрелде Банконгдо атайын жыйын өткөрмөкчү.