Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

Маскөөдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Юшенков атып өлтүрүлдү


17-апрелде кечинде Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Сергей Юшенков Маскөөдөгү үйүнүн алдында атып өлтүрүлдү. Юшенков - Орусиянын эң белгилүү демократ депутаттарынын бири болчу жана "Либеральная Россия" аттуу партияны жетектеп келген. Юшенков жумуштан үйүнө келип, машинеден чыкканда белгисиз адам аны төрт жолу тапанчадан атып кеткен. Маскөө шаарынын прокурору Михаил Авдюковдун айтымында, депутаттын өлтүрүлүшүнүн негизги себеби - анын саясий ишмердүүлүгү болушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG