Ирактын кыйраган энергетика жана канализация кызматтарын калыбына келтирүү боюнча контракт АКШнын Сан-Франциско шаарында жайгашкан "Бектел Груп" аттуу жеке менчик компанияга берилди. Контракттын алгачкы баасы 34 миллион 600 миң доллар. АКШнын Эл аралык өнүгүү агенттигинин баамында, кийин бул контрактка Ирактын аба майдандарын, оорукана, мектеп жана мамлекеттик имараттарды да кайра куруу кошулушу мүмкүн жана анын баасы 680 миллион долларга жетиши ыктымал. Контракт бир жарым жылга эсептелген.
Ирактын кыйраган экономикасын калыбына келтирүү боюнча биринчи контракттар түзүлө баштады