Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Орусиянын пикиринде, Иракка салынган санкцияларды алып салуу дагы эрте


Орусиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов 17-апрелде кечинде Маскөөдөн атайын билдирүү жасап, 1990-жылы Иракка каршы жарыяланган экономикалык чектөөлөрдүн эч шартсыз алынып салынышы туура эмес болот деп айтты. Ивановдун айтымында, ал чектөөлөрдү жоюу үчүн, Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңеши алдында Иракта кеңири кыруучу курал чындап эле жок экени далилденүүгө тийиш. 16-апрелде АКШ президенти Жорж Буш Бириккен Улуттарга кайрылып, аны Иракка каршы салынган чектөөлөрдү алып салуууга чакырган. Чектөөлөр боюнча, Бириккен Улуттардын "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программасынан тышкары, эч ким Ирак менен башка соода жүргүзбөшү керек.

XS
SM
MD
LG