БИШКЕК. «Күчтүү баңгизаттарга «Жок!» дейбиз» деген ураан алдында Бишкекте 25-апрелде трансконтитенталдык автомарафон башталышы күтүлөт. Баңгизаттарга каршы дүйнөлүк лиганын демилгеси менен өтө турган бул иш-чара 49 өлкө аркылуу өтүп, 67 шаарга токтойт. Анын катышуучулары саясий жана коомдук ишмерлер менен жолугушуусу болжолдонуп жатат. 29-апрелде жарыштын 6 катышуучусу Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынан жолугушуп, 3-майда сапарын Ооганстанды карай улайт. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттиги жазып чыкты.