Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Бүгүн Таласта бейөкмөт уюмдардын жана жамааттык бирикмелердин республикалык биринчи форуму ачылды


ТАЛАС. Форумду жарандык демилгелерге колдоо көрсөтүүчү таластык «Айкөл» борбору «Каунтерпарт консорциумдун» финансылык көмөгү менен уюштурду. Форумду өткөрүү идеясын Талас районундагы Калбай айыл өкмөтүнүн аймагында иштеп жаткан жаштардын «Кайрат» бирикмеси көтөрүп чыккан. Форумдун ишине Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регионалдык өнүктүрүү министрлиги, Кыргызстандагы бир катар эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү катышууда. Форумдун алгачкы иш күнүндө Кыргызстандын туш-тарабынан келишкен бейөкмөт уюмдардын, жамааттык бирикмелердин лидерлери өз аймактарында жүргүзүп жаткан иштер туурасында тажрыйба алмаша башташты. Эки күнгө улана турган форумдун соңунда Талас өрөөнүндөгү бейөкмөт уюмдардын, жамааттык бирикмелердин башын кошкон тармак түзүп, атайын фонд ачуу милдети турат.

XS
SM
MD
LG